Кыргызстандын курулуш министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Анкара шаарында өтүп жаткан “Түркиянын курулуш саммити – 2026” эл аралык иш-чарасына катышууда.
Саммитте министр өлкөнүн курулуш тармагындагы реформалар, инфраструктуралык долбоорлор жана турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча маалымат берип, заманбап технологияларды киргизүү маселелерине токтолду.
Иш-чаранын алкагында Нурдан Орунтаев Түркиянын Куруучулар союзунун президенти Эрдал Эрен менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Саммит Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга жана курулуш тармагына жаңы технологияларды тартууга багытталган.



