Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүүдө.
Форумга ШКУга мүчө мамлекеттерден жалпысынан 6 өлкөдөн 100гө жакын өкүл, анын ичинде Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Форумду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов ачып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар өз сөзүндө глобалдашуу шартында ШКУ алкагында медиа кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти.

Андан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана өлкөлөр ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда медиа тармагындагы кызматташууну чыңдоо, маалымат жана коммуникация чөйрөсүндө өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле санариптик трансформация шартында бирдиктүү кесиптик диалогду калыптандыруу.




