ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафорумунда Өзбекстандын өкүлү Кобулжон Ахмедов маалымат бүгүнкү күндө коомдук пикирди калыптандырууда, мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөдө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын билдирди.
Ал Кыргызстанга иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык айтып, медианын элдер ортосундагы диалогду чыңдоодогу ордун белгиледи.
Ахмедов ШКУ өлкөлөрүн туруктуулук, кызматташтык жана коңшулаштыкты бекемдөө сыяктуу жалпы максаттар бириктирерин белгилеп, жалган маалыматтарга каршы күрөшүү жана ишенимге негизделген маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал Өзбекстанда ЖМКларды колдоо, санариптик технологияларды жайылтуу жана жаңы муундагы журналисттерди даярдоо боюнча реформалар жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Мындан сырткары, жасалма интеллект медианын өнүгүшүндө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын, бирок маалыматтын аныктыгы, автордук укук жана этика маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.



