Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып жатканы тууралуу маалымдалды. Жалпы 217 батирден турат.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 80%га аяктаганын кошумчалады.
Объекттин курулушун көрүп чыккандан кийин, Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.



