7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанга тиешелүү эки айыл жашоочулары менен Кыргызстандын карамагына өттү

356
Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, алар – мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары. Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт.
«Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет. Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер бердик.
Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды. Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз. Ошондой эле казак элине таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы боордошторубузга сунуш бердик.
Бул жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 км) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу.
Бул маселелерди саясат кылмай жок»,- деп жазды Алагөзов.
357