Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жарандардын унааларын түз эле жайыттын үстүнө айдап чыгып, өсүмдүк катмарын тебелеп, жер кыртышына зыян келтирген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жүргүзгөн рейддин жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 33 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мекеменин маалыматына ылайык, учурда өлкөнүн бардык аймактарында ушундай рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамга ылайык 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул каралган.
Экологиялык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды жана жаратылыш аймактарын коргоо талаптарын сактоого чакырып, унааларды атайын уруксат берилген жерлерге гана токтотууну эскертти.



