7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу: Баткен менен Ысык-Көлдү түз туруктуу авиакаттам байланыштырат

26

Asman Airlines авиакомпаниясы Кыргызстандын ички аба каттамдарынын тарыхында жаңы баракты ачууда.

2026-жылдын 16-июлунан тартып 3- сентябрга чейин тарыхта биринчи жолу Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча сезондук авиакаттам ишке киргизилет. Бул каттам Баткен облусу менен Ысык-Көлдүн жээгин эч кандай транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн байланыштырат.

Эми өлкөнүн түштүк аймагындагы тургундар болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс алуусун учкан күнү эле баштай алышат. Жаңы каттам Кыргызстандын эң популярдуу туристтик багыттарынын бирине жетүүнү мурдагыдан да жакын, жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.

Каттамдар ар бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Бул жүргүнчүлөргө эс алуу убактысын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 500 сомду түзөт. Бул баадагы билетти Asman Airlines авиакомпаниясынын расмий www.asmanairlines.kg сайты аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу эч кандай комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз сатып алууга болот.

Ал эми, Кыргызстанда ички аба каттамдарын кеңейтүүнүн алкагында кышкы сезондо Баткен – Каракол багыты боюнча жаңы авиарейс ачуу пландалууда.

Кошумча маалымат авиакомпаниянын расмий маалыматтык ресурстарында жеткиликтүү.

 

27