7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда лизинг компаниялары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирди

198

Кыргызстанда лизинг компанияларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган жаңы эрежелер киргизилип, алардын ишинин ачык-айкындуулугун жана кардарлардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган талаптар күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койду.

Маалыматка ылайык, документ лизингдик ишмердүүлүктүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, рыноктун катышуучуларынын укуктары менен милдеттерин, ошондой эле өлкөнүн лизинг рыногун жөнгө салууга багытталган талаптарды аныктайт.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматы белгилегендей, лизинг компаниялары жаңы жобону жетекчиликке алып, өздөрүнүн ички ишмердүүлүгүн, документтерин жана жол-жоболорун анын талаптарына ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Документ күчүнө киргенден кийин анын бардык нормалары Кыргызстандын аймагындагы бардык лизинг компаниялары үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

199