7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Өзбекстандан ташылган 650 кг колбасаны өлкөгө киргизүүгө тыюу салынды

185

Ош облусундагы «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 килограмм колбаса продукциясын Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жүккө жүргүзүлгөн ветеринардык текшерүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын бузулгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, колбаса продукциясынын таңгагында талап кылынган маркалоо жок болуп, жүк ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени белгиленген.

Ушуга байланыштуу жүктү Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген жок.

186