Бүгүн, 29-июнда «Кыргыз Деңизи» санаторийинде жогорку окуу жайлардын педагогикалык кызматкерлери арасында өтүп жаткан «Ден соолук» спартакиадасынын алкагында футзал боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 45 жашка чейинки катышуучулар арасында биринчи орунду Ош мамлекеттик университети ээледи. Экинчи орунга К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, үчүнчү орунга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети татыды.
45 жаштан жогорку курактагы катышуучулар арасында да биринчи орунду Ош мамлекеттик университети жеңип алды. Экинчи орунду И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, үчүнчү орунду К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети ээледи.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Ден соолук» спартакиадасы окутуучулар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.



