7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Турпактын 7 айылы 2027-жылы таза суу менен камсыз болот

20

Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагынын жети айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган демилге III жана IV Элдик курултайдын делегаттары Бердикул Аширов менен Муса Момуналиев тарабынан көтөрүлгөн.

Учурда долбоор Дүйнөлүк банк каржылаган «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» программасынын алкагында ишке ашырылууда. Жалпы өлкө боюнча тандалып алынган 31 айылдын 28и Баткен облусунда жайгашса, алардын жетөө Ак-Турпак айыл аймагына тиешелүү.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Макканбаевдин айтымында, учурда эки тик суу кудугу жана үч суу кампасы үчүн жерлерди трансформациялоо иштери аяктады. Кызыл-Коргон айылында 100 метр тереңдикте казылган кудуктан алынган суу лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, ичүүгө жарактуу деп табылган.

Алдыда суу түтүктөрүн тартуу иштери башталат. Долбоордун алкагындагы курулуш иштерин 2027-жылы толугу менен бүтүрүп, жети айылдын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу пландалууда.

21