7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эвандер Холифилд Кыргызстанда бокс академиясын ачууну пландоодо

17

Америкалык легендарлуу боксчу, эки салмак категориясында абсолюттук дүйнө чемпиону Эвандер Холифилд Кыргызстанда бокс академиясын ачуу ниетин билдирди.

Маалыматка ылайык, академия жаш спортчуларды даярдоого, машыктыруучуларды окутууга жана эл аралык тажрыйба алмашууга багытталат. Долбоордун чоо-жайы Холифилддин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө талкууланат.

Кеченин негизги беттештеринин биринде кыргызстандык Ыктыяр Нышанов россиялык боксчу Михаил Тарханов менен күч сынашат. Беттеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын атайын куру ойнотулат.

Ошондой эле легендарлуу мушкер тууралуу жаңы даректүү тасманын айрым эпизоддору Ысык-Көлдө тартылары күтүлүүдө.

Эвандер Холифилд 3-июлда Бишкектеги «Жаштык Аренада» өтө турган профессионалдык бокстун эл аралык кечесине ардактуу конок катары катышат. Турнирге жети мамлекеттен спортчулар келип, сегиз беттеш, анын ичинде эки титулдук кармаш өткөрүлөт.

18