7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Францияда аномалдуу ысыктан миңден ашык адам каза болду

202

Францияда акыркы эки жумада өкүм сүргөн аномалдуу ысыктын кесепетинен миңден ашык адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июнда башталган рекорддук аптап маалында айрым аймактарда абанын температурасы 40 градуска чейин жеткен. Каза болгондордун басымдуу бөлүгүн 65 жаштан жогорку адамдар түзөт. Ошол эле учурда агенттик карылар үйлөрүнөн кошумча маалыматтарды күтүп жаткандыктан, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Аномалдуу ысык Европанын бир катар өлкөлөрүндө инфраструктуранын бузулушуна жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына да себеп болду. Франциянын көпчүлүк аймактарында аптаптын негизги толкуну басаңдаганы менен, өлкөнүн түндүк-чыгышында эскертүүлөр дагы эле күчүндө.

Адистердин айтымында, жогорку температуранын ден соолукка тийгизген терс таасири аба ырайы салкындагандан кийин дагы 10 күнгө чейин уланышы мүмкүн.

203