Бүгүн, 30-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт:
Ибраимов көчөсү — Чүй проспекти — Т. Айтматов көчөсү — Жибек жолу проспекти — Осмонкул көчөсү — Фрунзе көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Фрунзе көчөсү.
«Бул чаралар оңдоо иштерине байланыштуу»,— деп айтылат маалыматта.



