7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлектеги мектептерге көмүр алууга 43,7 млн сом бөлүнөт

23

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү 2026-2027-жылдагы күз-кыш мезгилине карата мектептер жана бала бакчалар үчүн көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 43,7 млн сомду түзөт. Сатып алынуучу көмүр Сүлүктү кенинен казылган БК жана БР үлгүсүндөгү көмүр болушу шарт.

Көмүр Лейлек районундагы мектептерге, бала бакчаларга, «Баластан» балдар борборуна, райондук билим берүү бөлүмүнө жана борборлоштурулган бухгалтерияга жеткирилет.

Маалыматка ылайык, көмүрдү жеткирүү иштери 2026-жылдын 15-ноябрына чейин толугу менен аякташы керек.

Тендерге катышууну каалаган компаниялар Сүлүктү кенинен көмүр өндүрөрүн тастыктаган документтерди, тиешелүү лицензиясын жана ушуга окшош жеткирүүлөр боюнча иш тажрыйбасын көрсөтүүгө милдеттүү.

24