7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүймөнкул Чокморовдун туулуп-өскөн үйү эл аралык деңгээлдеги музейге айланат

24

Кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун туулуп-өскөн үйү, өнөрканасы жана короо-жайы эл аралык деңгээлдеги музейге айланат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, улуу инсандын тарыхый үйү көп жылдан бери кароосуз калып, чөп басып, оңдоого муктаж абалга келген.

«Кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморовдун туулуп-өскөн үйү, өнөрканасы жана короосу көп жылдан бери каралбай, чөп-тикенек басып, кароосуз калган», — деп жазды Арслан Койчиев.

Мамлекеттик катчынын маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаров аталган жайды тез арада ирээтке келтирүү, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана аны эл аралык деңгээлдеги музейге айлантуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Белгиленгендей, музей Сүймөнкул Чокморовдун өмүрү менен чыгармачылык мурасын сактап, келечек муундарга таанытуу максатын көздөйт.

25