7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Караколдогу балык чарба жана кеме куруу долбоорлору менен таанышты

23

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарбасын куруу долбоору сунушталды. Долбоорго ылайык, көлгө коё берүү үчүн чабак жана сига балыктары өстүрүлүп, ошондой эле коммерциялык максатта форель жана келечекте судак өстүрүү каралган.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүгө эсептелген. Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталган жана ушул жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда. Президентке ишканада балыкты туруктуу өстүрүүнү камсыз кылган заманбап инженердик чечимдер колдонулары маалымдалды. Өндүрүш комплексине 33 балык өстүрүүчү бассейн жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоону камсыздаган булганыч заттарды сыртка чыгарбай турган заманбап суу тазалоо системасы кирет.

Долбоордун экологиялык жагына өзгөчө көңүл бурулган. Ишкана күн панелдеринин жардамы менен электр энергиясы менен камсыздалып, өндүрүштүн электр энергиясына болгон муктаждыгы толугу менен кайра жаралуучу энергия булактарынын эсебинен жабылат.

Долбоор өндүрүштүн толук циклин — балыктын чабагын инкубациялоодон баштап даяр продукция чыгарууга чейин камтыйт. Ал ички рынокту жаңы муздатылган балык менен камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактын чарбалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле продукцияны Россия Федерациясына жана Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган. Ошондой эле Мамлекет башчысына суу сыйымдуулугу 350 тоннага чейинки кемелерди чогултуу комплексинин долбоору тааныштырылды.

Белгиленгендей, долбоор экологиялык жактан таза технологияларды колдонууга негизделген. Концепцияга ылайык, суу чөйрөсүнө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбай турган электр кыймылдаткычтары менен жабдылган кемелер чогултулат. Долбоордун курамына кеме куруучу ангар жана эки кабаттуу административдик-тиричилик имаратынан турган өндүрүш комплекси кирет. Ангарда кемелерди чогултуу боюнча өндүрүш кубаттуулуктары жайгашса, административдик имаратта кызматтык, инженердик жана техникалык бөлмөлөр орун алат. Комплекстин жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзүп, анда 120 адам эмгектенет.

Президент Садыр Жапаров долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашырууну, экологиялык талаптарды так сактоону жана аткарылып жаткан иштердин жогорку сапатын камсыз кылууну тапшырды.

24