7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

24

Бишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жасалма документтерди колдонуу менен адамдардан акча алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалым болгондой, шектүү өзүн Патрулдук милициянын кызматкеримин деп тааныштырып, унааны айып короодон чыгарып берем деген шылтоо менен бир жарандан 60 миң сом алып, анын ордуна жасалма документ берген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Ал мурда соттолгон 1992-жылы туулган жаран экени аныкталды.

Тинтүү учурунда анын жашаган жеринен айып короодон унаа чыгарууга байланыштуу жасалма бланктар жана документтер табылган.

Учурда тергөө уланууда. Укук коргоо органдары шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар-жогун аныктап жатышат.

25