7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте түнкү автобустардын каттамы кечеңдеди

20

Бишкекте 1-июлдан тарта ишке кириши пландалган түнкү автобустар азырынча каттамга чыкпайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди.

Анын айтымында, каттам схемалары толук даяр боло элек болгондуктан, түнкү автобустар болжол менен 4-5 күндөн кийин ишке кириши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, түнкү автобустарда жол кире накталай эмес төлөмдө 70 сом, ал эми накталай төлөмдө 90 сомду түзөт.

Учурда борбор калаада 153-экспресс автобус каттап жатат. Андагы жол кире накталай эмес төлөмдө 40 сом, накталай төлөмдө 50 сом болсо, аэропортко каттаган экспресс автобустарда тиешелүүлүгүнө жараша 122 жана 140 сомду түзөт.

Шаар бийлиги билдиргендей, учурда түнкү каттамдарды ишке киргизүүгө даярдык иштери уланууда.

21