Ош облусунун Кара-Кулжа районунда селдин кесепетинен убактылуу жабылган Терек-Чаты-Терек жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдору бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Терек-Чаты-Терек автожолунун 10-чакырымына чейин сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында бул тилке бир тараптуу каттам үчүн ачылды.
Ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 107-115-чакырым аралыгында селдин кесепеттери жоюлуп, унаалардын бир тараптуу жүрүүсү камсыздалды.
Учурда жолдорду кеңейтүү жана толук калыбына келтирүү иштери уланууда. Тазалоо иштерине №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тартылган.
Эске салсак, 1-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Алайкуу аймагындагы унаа жолдоруна сел түшүп, каттам убактылуу токтотулган.



