7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТҮРКСОЙ 2028-жылды Айтматов жылы деп жарыялоону демилгеледи

26

ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюму Кыргызстандын Министрлер Кабинетине 2028-жылга карата эки ири демилге менен кайрылууну пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.

Биринчи демилге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата 2028-жылды түрк дүйнөсүндө «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялоону сунуштайт.

Экинчи сунуш 2028-жылы Талас шаарына түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамын берүү демилгесине байланыштуу.

Белгиленгендей, Талас облусу «Манас» эпосунун жана дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени болуп саналат.

ТҮРКСОЙдун катчылыгы аталган сунуштарды расмий түрдө Кыргызстандын өкмөтүнө жөнөтүү ниетинде экенин билдирди.

27