7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу ооруканага Япония өкмөтү 10 миллион сомдук медициналык жабдуу берди

18

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жалпы баасы 10 миллион сомдук заманбап медициналык жабдуулар тапшырылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жардам Япония өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында ишке ашырылган «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык чөйрөнү жакшыртуу» долбоорунун алкагында берилди.

Ооруканага эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды.
Алар: Трансуретралдык резекция жүргүзүүгө арналган эндоскопиялык стойка;
проктологиялык ооруларды дарылоодо колдонулуучу ультра үндүү диссектор.

Белгиленгендей, жаңы жабдуулар медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, бейтаптарга заманбап дарылоо ыкмаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

19