5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата дагы 10 жаңы сквер ачылат.Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, Ош шаарында буга чейин шаар мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы сквер пайдаланууга берилди.
Бүгүн дагы 10 сквер курула турган жерлер аныкталды. Жаңы эс алуучу жайлар мурда каралбай калган, эски көп кабаттуу үйлөрдүн жанында шаардын ар бир аймагына курулат. Мэр Жанарбек Акаев бүгүн бардык локацияларды жеринен көрүп чыкканы маалым болду.
Мэриянын маалыматына ылайык, скверлерди куруу иштери жакынкы күндөрү башталып, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Жашыл аймакта балдар аянтчасы, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган. Максат — шаардын ар бир тургуну үчүн жайлуу, коопсуз жана жашыл эс алуу жайларын түзүү.



