7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүнтөн тарта Бишкекте түнкү автобустар иштей баштайт

23
2026-жылдын 3-июлунда саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары иштей баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 каттамдары ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.
Жаңы кызмат борбор калаанын тургундарын жана конокторун кечки жана түнкү убакта коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коомдук транспорт менен камсыз кылууга багытталган.
Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.
Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:
* накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө) — 70 сом;
* накталай төлөмдө — 90 сом.
Маалыматка ылайык, түнкү автобус каттамдарын пилоттук режимде ишке киргизүү шаардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.
24