7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстан ширеңке өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана ачышат

221

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү өзбекстандык «MILLENIUM LIGHT» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргызстанда ширеңке өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Жолугушууда өндүрүштү жергиликтештирүү, ошондой эле ширеңке продукциясын Кыргызстанга түз жеткирүүнүн логистикалык механизмдери каралды.

Соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, долбоор логистикалык чыгымдарды азайтып, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Өзбек тарап да Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

222