7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Асман Эйрлайнс» Тамчы-Ташкент багыты боюнча түз каттам ачат

184

«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы «Malva Tour» туроператору менен биргеликте 8-июлдан тартып Тамчы –Ташкент –Тамчы багыты боюнча жаңы сезондук түз аба каттамын ишке киргизет.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт.

Жаңы каттам Өзбекстандан келген туристтер үчүн Ысык-Көлгө жетүүнү жеңилдетип, турпакеттердин алкагында эс алуу жана экскурсиялык кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Билеттерди «Malva Tour» туроператору аркылуу брондоого болот. Эрте брондогондор үчүн атайын тарифтер каралган.

МКК үчүн байланыштар:
Asman Airlines: sales@asmanairlines.kg | 0312 25 16 00
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Борбор Азиядагы ички жана коңшу өлкөлөргө каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик аймактык авиаташуучу.

www.asmanairlines.kg
«Malva Tour» компаниясы тууралуу
Дүйнө жүзү боюнча активдүү эс алууга адистешкен Өзбекстандын ири туроператору.
www.malvatour.uz

185