7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“ Манас” аэропортуна барчу жолду оңдоонун үчүнчү этабы башталды

3

Бишкекте “Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 5-июлдан тартып оңдоо иштеринин үчүнчү этабы башталды. Анын алкагында Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки, жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде жол жаңыланат.

Оңдоо иштери учурунда көчө толугу менен жабылбайт. Унаалар үчүн жолдун бир тарабы ачык болуп, кыймыл уюштурулат.

Белгилей кетсек, реконструкциянын биринчи этабы 23–26-июнь күндөрү жүргүзүлүп, 8 чакырым жол оңдолгон. Ал эми экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин уланып, Фучик көчөсүнөн “Манас” эл аралык аэропортуна чейинки тилкени камтыган.

4