7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Протездик мекемеге 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулду

18

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде иштин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, система коррупциянын алдын алуу жана Санарип кодексинин талаптарын аткаруу алкагында ишке киргизилди. Видеокөзөмөл өндүрүш цехтерин, кампаларды, административдик бөлүктү жана мекеменин аймагын толук камтыйт.

Министрликтен билдиришкендей, жаңы система протездерди даярдоо процессинин ачыктыгын камсыздап, материалдардын кыймылын көзөмөлдөөгө, бейтаптардын укуктарын коргоого, талаштуу жагдайларды калыс кароого жана эмгек тартибин чыңдоого жардам берет.

Мекеменин маалыматына караганда, видеокөзөмөл кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө түзөт.

19