7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарым жылда суу объектилеринде 160 рейд өткөрүлдү

196

Өлкөдө 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында суу объектилерин коргоо боюнча 160 рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө суу объектилеринен 86 миң 550 метр синтетикалык тор жана 1 миң 655 килограмм таштанды чыгарылды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаратылышка келтирилген зыян үчүн 953 миң 338 сом өлчөмүндө доо коюлуп, административдик укук бузуулар боюнча 320 миң 500 сом айып салынды.

Эң көп рейд Ысык-Көлдө өткөрүлүп, 79 текшерүүнүн жыйынтыгында 34 миң 600 метр мыйзамсыз тор жана 905 килограмм таштанды чыгарылды. Ошондой эле 869 миң 761 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 106 миң 500 сом айып салынды.

Токтогул суу сактагычында 51 рейд жүргүзүлүп, 26 миң 300 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылды. Мындан тышкары, борбордук аппарат тарабынан дагы 14 миң 200 метр мыйзамсыз тор алынган.

Ошондой эле рейддердин жүрүшүндө Соң-Көлдөн 8 миң 800 метр, Орто-Токой суу сактагычынан 200 метр, ал эми Киров суу сактагычынан 2 миң 450 метр синтетикалык тор чыгарылды.

197