Жыргалаңда «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды.
Маалыматка ылайык, долбоорду дүйнөлүк лидер саналган Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Жаңы асма жолдордун узундугу 461, 758, 2 552 жана 242 метрди түзөт.
Курулуш аяктагандан кийин биринчи этаптагы асма аркан жолдорунун жалпы узундугу 8 чакырымдан ашат.



