«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы «Компас» туроператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча сезондук түз авиакаттамдарды кайрадан жандантат.
Компаниянын маалыматына ылайык, быйылкы сезондогу алгачкы каттам 10-июлда аткарылат. Учактар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт.
Жаңы каттам жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайт. Учуу убактысы болгону 1 саатты түзөт жана транзиттик токтоолор каралган эмес. Ал эми барып-келүү авиабилеттеринин баасы 11 миң сомдон (болжол менен 120 АКШ долларынан) башталат.
Мындан тышкары, «Компас» туроператору Ысык-Көлдө эс алууну каалагандар үчүн мейманканага жайгашуу, көңүл ачуучу иш-чаралар жана экскурсияларды камтыган атайын туристтик топтомдорду сунуштайт.
Аталган каттам Казакстандан келген туристтер үчүн Ысык-Көлгө тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.
Авиабилеттерди туристтик агенттиктер аркылуу сатып алууга болот.
Белгилей кетсек, «Асман Эйрлайнс» — Кыргызстандагы мамлекеттик аймактык авиакомпания болуп, өлкө ичиндеги жана Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттерге аба каттамдарын өнүктүрүүгө багытталган. Ал эми «Компас» — Казакстандын алдыңкы туроператорлорунун бири болуп саналат.



