Сокулукта мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, прократура тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 1996-жылы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага чектеш 5453,45 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.
Белгиленгендей, көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен жалпы баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.



