7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгаруучу алгачкы завод курулууда

183

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгаруучу алгачкы заводдун курулушу менен таанышты.

Министрдин айтымында, жаңы ишкана имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга багытталган заманбап тетиктерди чыгарат.

Завод Бишкек шаарындагы Чокон Валиханов 2 көчөсүндө жайгашып, жалпы аянты 6 222 чарчы метрди түзөт. Ал министрликке караштуу Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун аймагында курулууда.

Белгиленгендей, долбоор курулуш тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана өлкөдөгү объектилердин сейсмикалык коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

184