Бишкекте калкты арзан баада эт менен камсыздоо максатында көчмө фудтрактарды (унаа-дүкөндөрү) тапшыруу аземи өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКынын жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана министрликтин өкүлдөрү катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, фудтрактар «Кыргыз Агрохолдинг» тарабынан даярдалып, Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте борбор калаанын бардык райондоруна жайгаштырылат.
Учурда 10 фудтрак ишке кирсе, келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда.
Министр Эрлист Акунбеков долбоор республикалык бюджеттен каражат тартылбастан, «Кыргыз Агрохолдингдин» өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылганын белгиледи.
Анын айтымында, эт соода үстөк акысы кошулбастан сатылып, учурда 1 килограммынын баасы 680 сом болуп белгиленди. Социалдык долбоордун алкагында бир адамга 5 килограммдан ашык эмес эт сатылат.
Ал эми Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев фудтрактарды жайгаштыруу үчүн учурда 12 орун даярдалганын, зарыл болсо мэрия кошумча жайларды бөлүп берүүгө даяр экенин билдирди.



