7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атай Бейшенбек: Чет элдик жумушчулар маселесинде мыйзам жана коомдук тартип башкы орунда турушу керек

7

Активист Атай Бейшенбек Кыргызстандагы чет элдик жумушчу күчүнө байланыштуу коомдо айтылып жаткан сын-пикирлерге өз көз карашын билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча элдин тынчсыздануусун четке кагууга болбойт. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн объективдүү жагдайларды да эске алуу зарыл.

Атай Бейшенбектин пикиринде, мамлекеттин бул маселедеги позициясы так: мыйзамды сыйлаган жаран иштөөгө укуктуу, ал эми мыйзам бузгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Ал акыркы окуяларда укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн ыкчам чараларды буга мисал катары келтирет.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Кыргызстан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, жаңы гидроэлектр станциялары, энергетикалык объектилер жана башка ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилейт. Мындай масштабдагы курулуштар миңдеген адистерди жана жумушчу күчүн талап кыларын, ал эми ички эмгек рыногу бул муктаждыкты азырынча толук камсыздай албай жатканын айтат.

Анын баамында, ушул себептен чет элдик жумушчу күчүн тартуу учурда убактылуу жана аргасыз чечим болуп саналат. Мыйзамдуу негизде келген чет өлкөлүк адистер белгилүү бир долбоорлордо гана иштеп, иштер аяктагандан кийин өз өлкөлөрүнө кайтып кетишет. Буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушунда да ушундай тажрыйба болгонун белгилейт.

Мындан тышкары, Атай Бейшенбек мындай сезимтал темалар айрым кызыкдар күчтөр тарабынан коомдук пикирди козутуу үчүн колдонулушу мүмкүн экенине көңүл бурат. Анын айтымында, өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ири долбоорлор башталган учурларда маалыматтык манипуляциялар да күчөшү ыктымал.

Активист ар бир маалыматты сын көз менен талдап, ар тараптуу баалоо бүгүнкү күндө ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгилейт.

Эскертүү: Бул макалада айтылган ойлор активист Атай Бейшенбектин жеке пикирин чагылдырат жана 7-каналдын редакциясынын расмий позициясын билдирбейт.

8