Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.
Укук бузуулар боюнча жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Рейддин негизги максаты – жайлоолордун экологиялык абалын көзөмөлдөө, тиричилик калдыктарынын жана саркынды суулардын мыйзамсыз төгүлүшүнө бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу болгон.
Ошондой эле инспекторлор тарабынан жарандарга жаратылышты таза сактоо, тиричилик калдыктарын жана саркынды сууларды атайын белгиленген жайларга гана чыгаруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгиленген талаптарды сактабаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчилик каралары эскертилди.



