7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик тарап атайын акоп даярдашканы белгилүү болду 

2141

Бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, дагы эле уланууда. Бул тууралуу жеринен аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, тажик тарап кыргыз тарапка эки ирет ок чыгарган. Көп өтпөй ортодо ташбаран орун алып, 2 адамга таш тийип ооруканага жөнөтүлгөн.

‍‌Тажик тарап акоп даярдашкан. Ошондой эле алардын 8 снайпери позицияга коюлду.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-апрелде саат 11:00дө Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында видео көзөмөлдүн орнотулушу боюнча чыр чыккан. Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүн (Головной) жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Алар экинчи мамычага да орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2142