ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы Чолпон-Атада өтүүдө
20
16-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Фестиваль Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобу жана кино тармагынын өкүлдөрү катышты.
Фестивалды Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министри Мирбек Мамбеталиев расмий ачып, кино маданий кызматташтыкты чыңдоодо жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Анын алкагында, эл аралык кино көрсөтүүлөр, улуттук кино күндөрү, чыгармачылык жолугушуулар жана мастер-класстар өткөрүлөт. Иш-чара 19-июлга чейин уланат.