7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өмүр бою соттолгон жарандын сүрөт көргөзмөсү ачылат

16

Бишкек шаарында 24-июлда өмүр бою эркиндигинен ажыратылган Вячеслав Абдрашитовдун эмгектеринен турган «Жан дүйнө жаңырыгы» аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Эмен паркындагы Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун С. Чүйков атындагы арт-галереясында өтөт. Анын ачылышы саат 11:00дө башталат.

Ведомствонун белгилешинче, көргөзмө соттолгондорду коомго кайра аралаштыруу (ресоциализация) иштеринин алкагында уюштурулуп жатат. Иш-чаранын негизги максаты – алардын чыгармачылык дараметин колдоо, билим алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө кызыгуусун арттыруу, ошондой эле жаза аткаруу мекемелериндеги тарбиялык иштер тууралуу коомчулукка маалымат берүү.

Көргөзмөгө келгендер сүрөттөрдү көрүп гана тим болбостон, өздөрүнө жаккан эмгектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат. Кирүү акысыз.

17