7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алтын казыктагы» кирпич заводунан чыккан кара түтүн боюнча текшерүү жүргүзүлдү

270

Бишкек шаарындагы «Алтын казык» конушунда жайгашкан кирпич заводунан чыккан кара түтүн тууралуу социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар текшерүү жүргүздү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти,  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы ишкананын жетекчилигинин макулдугу менен 17-июлда таңкы саат 04:00 чамасында заводдун аймагын толук текшерип, лабораториялык изилдөө үчүн атмосфералык абадан үлгүлөрдү алышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында заводдун аймагында синтетикалык материалдарды, желим калдыктарын же тиричилик таштандыларын өрттөө фактылары аныкталган жок.

Ал эми атмосфералык абадан алынган үлгүлөрдүн лабораториялык анализинин жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болору маалымдалды.

271