7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талапка жооп бербейт: Манаста жаңы автобекеттин асфальты кайра басылат

216

Манас шаарындагы жаңы автобекеттин аймагындагы асфальт-бетон жабуусу сапат талаптарына жооп бербегендиктен кайрадан төшөлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, асфальт-бетон жабуусунун төмөнкү катмарын лабораториялык текшерүүдө бир катар кемчиликтер аныкталып, анын сапаты талапка жооп бербей турганы белгилүү болгон. Ушуга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчы уюм талапка жооп бербеген катмарды толугу менен алып салды.

Учурда автобекеттин аймагына сапат стандарттарына жооп берген жаңы асфальт-бетон катмары төшөлүп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, аткарылган иштер кайрадан лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт. Асфальттын сапаты бардык талаптарга жооп берери ырасталгандан кийин гана объект пайдаланууга кабыл алынат.

217