7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шекер айылындагы “Чыңгыз Ааламы” комплексинин курулушу 70 пайызга аяктады

212

Таластын Шекер айылында курулуп жаткан «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканы жана комплекстин жалпы даярдыгы учурда 70 пайызды түзөрү белгиленди.

Долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Комплекстин аймагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курулат.

Курулуш иштерин министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.

«Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплексин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берүү пландалууда.

213