7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Air China Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу каттамдарды ачат

3

 

“Кыргызстан аэропорттору” ААК эл аралык каттамдар тармагынын кеңейип жатканын маалымдайт.
Кытай Эл Республикасынын улуттук авиакомпаниясы Air China Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачат.

Каттамдар заманбап Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен жумасына үч жолу – дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Air China авиакомпаниясынын Кыргызстандын рыногуна кириши өлкөнүн жарандык авиациясы үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Азиядагы эң ири авиакомпаниялардын биринин Кыргызстанда ишмердүүлүгүн башташы өлкөбүздүн дүйнөлүк алдыңкы авиаташуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын тастыктап, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бул “Кыргызстан аэропорттору” ААК тарабынан эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук байланыштарын чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштердин жыйынтыгы болуп саналат.

4