Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын отчёттук маалыматында айтылат.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт. Аталган мезгил аралыгында компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң долларды түзсө, ал эми 4,5 жыл ичиндеги таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң долларга жетти.
Мындан тышкары, компаниянын жалгыз акционери болуп саналган «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна 741 млн 298 миң доллар өлчөмүндө дивиденд төлөнүп берилди.



