7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири иш-чаралар маалында Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө асманга эч нерсе учурулбаш керек

13

Алдыдагы ири эл аралык иш-чараларга байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл аймактарында дрондорду жана башка чакан учуучу аппараттарды асманга учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ШКУ жана Борбор Азия саммиттери, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары, ошондой эле кайык жарышы боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан мезгилде бардык класстагы пилотсуз учуучу аппараттардын, анын ичинде квадрокоптерлердин учуусуна тыюу салынат.

Чектөө ошондой эле жеке жана чакан учактарга, тик учактарга, парапландарга жана дельтапландарга да тиешелүү болот.

Талапты бузгандар административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылып, учуучу техникасы конфискацияланышы мүмкүн.

14