7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

250

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын негизги максаты — Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин алдыдагы кеңешинин жыйынына даярдык көрүү.

Сапардын алкагында тараптар ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты, жыйындын күн тартибиндеги маселелерди жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү талкуулашат.

Эске салсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны 24-июлда өтөт.

251