7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү үч жылда дээрлик эки эсеге өстү

137

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү акыркы үч жылда дээрлик эки эсеге өсүп, 2023-жылдагы 117 млн АКШ долларынан 2025-жылы 206,5 млн АКШ долларына жетти. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен болгон эки тараптуу жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, бул аралыкта Кыргызстандын Беларуска болгон экспорту 35 пайызга көбөйгөн.

Маалыматка ылайык, соода-экономикалык кызматташтык менен катар эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасы да чыңдалып жатат. Акыркы эки жылда өкмөттөр аралык деңгээлде түрдүү тармактарды камтыган 27 эки тараптуу документке кол коюлган.

Жээнбек Кулубаев акыркы жылдары өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтык динамикалуу өнүгүп, системалуу мүнөзгө ээ болгонун белгиледи.

Ошондой эле ал Беларустун тышкы иштер министринин бул сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн дагы да тереңдетүүгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуу бизге өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары боюнча пикир алмашууга жана кыргыз-беларусь мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин белгилөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзөт»,- деди Жээнбек Кулубаев.

138