20-июлда Бишкек шаарында Кыргызстандын Гольф федерациясынын мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө федерациянын азыркы президенти Алексей Конев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү чечимин жарыялап, өз ордуна Эргешов Хомени Байсалбековичтин талапкерлигин сунуштады.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында федерациянын мүчөлөрү Эргешовду Гольф федерациясынын президенти кылып шайлашты.
Эргешов Хомени Байсалбекович мамлекеттик, дипломатиялык жана ишкердик тармагында тажрыйбага ээ. 2021-2025-жылдары Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы (Кытай) башкы консулу кызматын аркалаган.




