7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк инвесторлорго жер берүү Садыр Жапаровдун тушунда пайда болгон саясатпы?

5

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда чет өлкөлүк инвесторлорго жер берүү маселеси кызуу талкууланууда. Мен мурда өлкөнүн инвестиция тартуу тармагын жетектеп, бул багыттагы маселелер менен түздөн-түз иштеген адам катары өз пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм. Мындай пикирин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анда мындай деп жазылат:

«Акыркы күндөрү социалдык тармактарда «Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Кыргызстандын жерлери чет өлкөлүктөргө бериле баштады», «өлкөнүн жерин таратып жатат» деген пикирлер айтылууда. Бирок расмий маалыматтарга жана Кыргызстандын мыйзамдарынын тарыхына кайрылсак, таптакыр башка көрүнүштү көрөбүз. Чет өлкөлүк инвесторлорго жерди убактылуу пайдаланууга берүү практикасы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин пайда болгон эмес. Мындай укуктук механизм Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан бери эле колдонулуп келген. 1992-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» мыйзамда жерди 50 жылга чейин пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралган. 1999-жылы кабыл алынган Жер кодексинде да мөөнөттүү жер пайдалануунун эң жогорку чеги 50 жыл деп белгиленип, чет өлкөлүк жактарга жерди убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү бекитилген.

Бул мыйзамдар Аскар Акаевдин президенттик мезгилинде кабыл алынган. Кийин Курманбек Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилдеринде да бул механизм сакталып, иш жүзүндө кеңири колдонулган.

Муну конкреттүү цифралар дагы көрсөтүп турат.

Расмий маалымат боюнча, 2011–2017-жылдардын аралыгында эле Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк инвесторлорго 64 жер тилкеси, жалпы 5 683,62 гектар жер пайдаланууга берилген. Бул бүгүн пайда болгон көрүнүш эмес. Бул 10–15 жыл мурда эле мамлекет тарабынан колдонулуп келген инвестициялык практика. Мисалы, Баткен облусунда 2011–2016-жылдары Кытай менен байланышкан инвесторлорго нефть издөө жана казып алуу, сымап, темир рудасы, гипс өндүрүү, жол жана завод куруу үчүн жер тилкелери берилген. Бир эле «Глав нефтегаз» компаниясына Ак-Турпактагы Чоң-Гара участогунан 2012-жылы 3 063 гектар, андан тышкары дагы 104 жана 115 гектар жер нефть казып алуу максатында пайдаланууга берилген. 2016-жылы Кадамжай районунда «НПЦ Тянь-Шань» компаниясына модулдук завод куруу үчүн 58,82 гектар жер 49 жылга берилген.

Чүй облусунда дагы ушундай мисалдар бар.

2012–2014-жылдары Кемин районунда кытайлык инвесторлор катышкан «Алтынкен» компаниясына тоо-кен тармагы үчүн 169,79 гектар жер 49 жылга, «Салют Компани» компаниясына 12,5 гектар жер 49 жылга берилген. Чүй районунда «Искра Азии» ишканасы 565 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө пайдалануу укугуна ээ болгон. 2014-жылы Жайыл районунда «Чайна Петроль Компани Джунда» компаниясына бензин, дизель жана суюлтулган газ чыгаруучу завод үчүн 217,7 гектар жер 49 жылга берилген. 2016-жылы Военно-Антоновка аймагында «Тянь-Шань Керамик» компаниясына кафель чыгаруучу завод куруу үчүн 18,76 гектар жер 49 жылга берилген. Мындай мисалдар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана башка аймактарда дагы болгон.

Ижара жерлер Кытайдын инвесторлоруна гана берилген эмес.

Казакстан, Россия, Түркия, Австралия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн инвесторлору дагы Кыргызстандын аймагында жер тилкелерин узак мөөнөткө пайдаланып келишкен.

Бишкекте чет өлкөлүк компанияларга жана уюмдарга 49 жылдык мөөнөт менен жер берүү практикасы мурда эле болгон. Мисалы, Американын Борбордук Азия университетине 2011-жылы 2,7 гектар, Түркияга байланыштуу «Бета Кыргызстан Интернешнл» компаниясына 2015-жылы 0,927 гектар, Россиянын «Газпром Кыргызстан» компаниясына 2016-жылы 0,7 гектар жер 49 жылдык мөөнөткө берилген. Ысык-Көлдө Казакстандын санаторийи жана жогорку окуу жайларына тиешелүү пансионаттар пайдаланган ондогон гектар жерлер боюнча да 49 жылдык укуктар мурда эле катталган. Демек, «Садыр Жапаров 2020-жылдан кийин бийликке келип, биринчи жолу Кыргызстандын жерлерин чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө бере баштады» деген пикир тарыхый жана укуктук фактыларга туура келбейт.

Азыркы талкууланып жаткан өзгөртүүнүн негизги айырмасы башкада.

Мамлекет жерди инвесторго дароо эле 50 жылга берип салууну эмес, 10 жыл, андан кийин 25 жыл, зарыл болсо 50 жылга чейин этап-этабы менен узартуу механизмин сунуштап жатат.

Башкача айтканда, инвестор алгач өзүнө алган милдеттенмесин аткарышы керек. Завод курам десе завод курушу, белгиленген инвестицияны алып келиши, жумуш орундарын түзүшү, салыгын төлөшү керек. Милдеттенмелер аткарылса гана кийинки мөөнөт каралат. Инвестициянын жөнөкөй логикасын бир үй-бүлөнүн мисалында түшүндүрсө болот. Эгер үй-бүлөнүн колунда болгону 5 миң сом болсо, ошол 5 миң сомду бири-бирине айланта берип эле үй-бүлөнүн кирешесин 50 миң же 500 миң сомго чыгара албайсың. Үй-бүлөгө сырттан жаңы киреше кириши керек. Бирөө иштеп айлык алып келиши керек, бизнес ачышы керек же сырттан капитал тартышы керек. Ошондо гана үй-бүлөнүн жалпы кирешеси көбөйөт.

Мамлекеттин экономикасында дагы принцип ушундай.

«Кыргызстан өзүнүн ичиндеги эле акчаны бири-бирибизге айланта берип чоң экономика кура албайт. Өлкөгө сырттан капитал, технология, жаңы өндүрүш жана жаңы рыноктор келиши керек. Ал акча Кытайдан келеби, АКШданбы, Европаданбы, Түркияданбы, Россияданбы, Казакстанданбы же араб өлкөлөрүнөнбү маселе эмес. Негизги маселе Кыргызстандын кызыкчылыгында.Инвестор биздин мыйзам менен иштеши керек. Жер сатылбашы керек. Мамлекеттик көзөмөл болушу керек. Алган милдеттенмесин аткарышы керек. Кыргызстандын жарандарына жумуш орундарын түзүп, салыгын төлөп, өлкөгө технология жана капитал алып келиши керек. Милдеттенмесин аткарбаса, келишим бузулуп, жер мамлекетке кайтарылышы керек. Ошондуктан бүгүнкү талкууну «жерди сатып жатат» деген коркунучка гана байлап коюу туура эмес»,- деп жазды Шыкмаматов.

6