7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беларустун тышкы иштер министри Улуттук тарых музейине барды

3

Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында делегация менен бирге Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, конокторду музейдин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, кыргыз элинин тарыхын, маданий мурасын чагылдырган туруктуу экспозициялар менен тааныштырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө делегация археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды, ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнө арналган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Музейге сапардын жүрүшүндө, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөгө багытталганы белгиленди.

4